Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт

 Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт

Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

“Урматтуу шаар тургундары. Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган.

Связанный пост