ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын техникалык базасы толукталды

 ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын техникалык базасы толукталды

Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 4 млн 425 миң сомдук техникалык жабдыктарды алып берди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын техникалык базасы “Кыргызстанда кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө” карата толукталды.

Техникалык жабдууларды ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев тапшырып, мекеме кызматкерлерине керектүү шарттарды түзүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Жалал-Абад облусу ар түрдүү табият кырсыктары көп катталган аймактардын катарына кирээрин, аларга ӨКМдин кызматкерлери эң алгачкылардан болуп бараарын айтып, шарт түзүү, алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда техникалык муктаждыктарын камсыздоо зарылдыгы келип чыкканын айтты. Мындан улам облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылып, колдоого алынганын белгиледи.

Бөлүнгөн каражатка 21 даана мотопомпа, 1 даана дөңгөлөктүү мотопомпа, 13 даана дрон, бир моторафт кайыгы, 20 даана түтүндө колдонуучу аппараттар алынган.

Связанный пост