Учкун кичи районунда мыйзамсыз салынган гараждар сүрдүрүлүүдө

 Учкун кичи районунда мыйзамсыз салынган гараждар сүрдүрүлүүдө

Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Учкун кичи районундагы гараждарды бузуу иштерин баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инспекция буга чейин гараж ээлерине аталган жерди 30-сентябрга чейин бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.

Аталган объектилер Свердлов шаардык соту тарабынан ушул жылдын 3-августунда мыйзамсыз деп табылган. 117 гараж бузулууга тийиш. Учурда инспекция 5 гаражды демонтаждады. Ээлери тарабынан 10 гараж алынган. Демантаждоо иштери уланууда.

Связанный пост