Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик. Эл аралык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын баасында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы соңку мезгилге карата жаман эмес. Бирок ошол эле учурда кыргыз медиа тармагы, айрыкча социалдык тармактын колдонуучулары сөз эркиндигине доо кетирүү менен такталбаган маалыматтарды жайылтуу көрүнүшү күч алып, жоопкерчиликти такыр унутуп калган учурлар бар. Анын үстүнө жакында эле Кыргызстандын омбудсмени […]Читать далее
“Ч. Айтматов”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат” жана “Ак кеме” коллекциондук монеталар Кыргыз элинин чыгаан уулу, дүйнө эли жан-дилден сүйүп окуган калемгерлердин бири, дүйнөгө кеңири таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналып жасалган. Бул тууралуу КР Улуттук банкынын басма сөз кызматы маалымдады. Анын чыгармалары дүйнө элдеринин 170 тен ашуун тилдерине которулуп,60 миллиондон көп нускада, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын президентинини “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууга жана жалпысынан жер участокторун бөлүп берүүгө байланышкан кырдаалды тартипке келтирүү жана укуктук жөнге салуу боюнча тийиштүү жумуштар аткарууга алынууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын (2023-жылдын 13-14-февралы) жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 18-апрелинде Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму уюштурулду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын 25тен ашык […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов И. Раззаков атындагы мектептин жаңыдан курулушу башталып токтоп турган имаратын жана эски авариялык мектептин абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Курулуш иштери башталып, каржы маселесинен улам бүтпөй токтоп калган мектеп имараты быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каржылануучу, бүтпөй токтоп турган имараттардын тизмесине […]Читать далее
30-31-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан, Жалал-Абад шаарында “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” аталышындагы Эл аралык бизнес форуму өтөт. Иш-чаранын максаты – энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана пайдалануу, айлана-чөйрөнү, ресурстарды жана климатты коргоону камсыз кылуу, туруктуу туризмди өнүктүрүү, ошондой эле инвестицияларды […]Читать далее
Бүгүн, 18-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин кезектеги жыйынында электр энергиясына болгон тариф саясатынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. «Электр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 18-апрелде, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдун үйүнө барды. Жеңиш күнүнүн алдында Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан уникалдуу мааракеге – туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата жылуу куттуктоо сөздөрүн окуп берди. Куттуктоодо Мамлекет башчысы Асек Урманбетовго турмуштагы эрдиги, бекемдиги жана Жеңишке карай […]Читать далее
Өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда. Калктын турак жайга муктаж болгон айрым социалдык топторуна карата жаңы багыттарды киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее
Бүгүн Чүй электр тармактар ишканасынын базасында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “КУЭТ” ААКтын филиалдарына жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул атайын техникалар 2022-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31 845 469 сомду түздү. Атайын автоунаалар Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр […]Читать далее