Эрбол Султанбаев Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берди

 Эрбол Султанбаев Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берди

Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик. Эл аралык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын баасында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы соңку мезгилге карата жаман эмес. Бирок ошол эле учурда кыргыз медиа тармагы, айрыкча социалдык тармактын колдонуучулары сөз эркиндигине доо кетирүү менен такталбаган маалыматтарды жайылтуу көрүнүшү күч алып, жоопкерчиликти такыр унутуп калган учурлар бар. Анын үстүнө жакында эле Кыргызстандын омбудсмени Атыр Абдрахматова жергиликтүү басылмалардын бирине Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр бар экенин билдирген. “Кабар” агенттиги сөз эркиндиги жана жоопкерчилик темасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге суроо узатты.

— Омбудсмен Атыр Абдрахматова жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп, анда өлкөдө адам укуктары жаатында чоң көйгөйлөр бар экенин, сөз эркиндиги боюнча абал начарлап кеткенин айтты. Акыйкатчы айтмакчы, бизде бул багытта абал чындап эле ушундайбы?

— Жок. Сөз эркиндиги боюнча эч кандай тыюу жок. Ким каалаганын сүйлөп жатпайбы. Митинг өтө турган жер Горький сквери бар. Ким кайсыл убакта кааласа, ошол жерге митинг уюштурат, каалаган сөзүн эркин сүйлөйт. Аларды журналисттер, блогерлер чагылдырып, таратып жатышат. Социалдык тармактардан түз эфир кылып, ар ким каалаганын сүйлөп жатат. Сөз эркиндигине эч кандай кысым жок бизде.

Акыйкатчыга эле ошондой сезилип атса керек. Себеби Акыйкатчы “өлкөнү дестабилизация кылабыз” деп камалгандарды эле коргоп, карапайым элди коргогонун байкаган деле жокпуз. Өлкөгө бүлүк салам дегендер же адамды ак жеринен каралагандар жооп бериш керек да. Бирөөнү жөнү жок эле каралап коюп, анан ал сотко берсе же үстүнөн арыз жазса эле “мага кысым болуп жатат” деген туура эмес да. Биринчи бирөөнү каралаардан мурда так маалыматтарды чогултуп алышың керек. Сотко берсе да сенин колуңда айныгыс далилдер турушу керек. Сенин айткандарың далилдүү болуп турса, анан ага карабай сени жоопко тартып жатса, анда “сөз эркидигин кысымга алып атат” деп айтсаң болот.

Связанный пост