Жалал-Абадда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү боюнча бизнес форум өтөт

 Жалал-Абадда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү боюнча бизнес форум өтөт

30-31-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан, Жалал-Абад шаарында “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” аталышындагы Эл аралык бизнес форуму өтөт.

Иш-чаранын максаты – энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана пайдалануу, айлана-чөйрөнү, ресурстарды жана климатты коргоону камсыз кылуу, туруктуу туризмди өнүктүрүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо, бизнестин, инвесторлордун жана өкмөттүн конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтчаны уюштуруу болуп саналат.

Форумга дипломатиялык корпустун, эл аралык, жарандык коомдук уюмдарынын, бизнес-коомчулуктун, академиялык институттардын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылууда.

Иш-чара алкагында туристтик объектилердин жана кызматтардын, экологиялык таза өнүмдөр, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулуп, мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндамалар жасалат.

Связанный пост