Нарында мыйзамсыз курууларды бузуу боюнча түшүндүүрү иштери жүрүп жатат

 Нарында мыйзамсыз курууларды бузуу боюнча түшүндүүрү иштери жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын президентинини “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууга жана жалпысынан жер участокторун бөлүп берүүгө байланышкан кырдаалды тартипке келтирүү жана укуктук жөнге салуу боюнча тийиштүү жумуштар аткарууга алынууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн аталган Жарлыкты аткаруу боюнча Жер сууну көзөмөлдөө кызматы, Нарын шаардык мэриясы, Архитектура, Кадастр мамлекеттик мекемеси жана ички иштер бөлүмүнөн түзүлгөн жумушчу топ негизсиз, өзү билип тосуп алуу аркылуу өзүнүн участогунун жерге укукту ырастоочу документтерде белгиленген мыйзамдуу чегин кеңейтүүгө умтулган менчик ээсинин же ижарачынын аракеттери. Жалпы пайдалануудагы жерлерде же жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык болгон жер участокторунда мыйзамсыз автопарковкаларды  кылуу, гараждарды, күркөлөрдү, дүкөдөрдү жайгаштыруу, тосмолорду коюу жана башкалар жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кеңири жайылган учурлары катталган чөлкөмдөрдө түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Связанный пост