26-апрелде “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында бак-дарактарды масштабдуу отургузуу иш-чарасы ɵттү. Иш-чараны КР Жаратылыш ресурстары министрлиги “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырууда. 15 миңге жакын көчөт: жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-апрель күнү саат 23:23тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде өткөн “Кыргыз наркындагы жаштардын орду” аттуу форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана Ош шаарынын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты. Форумдун алкагында Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында форумдун катышуучуларына баяндама жасады. Андан сырткары […]Читать далее
Сосновка постунда видеобайкоо орнотулгандан кийин төлөм чогултуу 49%га өстү. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка жана Кара-Көл постторунда быйыл төлөм чогултуу көбөйгөнүн билдирди. Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган. Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка […]Читать далее
Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун чех эксперттери полигонго барышты. Эксперттер вице-мэр менен биргеликте учурдагы кырдаалга баа берүү үчүн барышты. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралды. Белгилей кетсек, мамлекет башчынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен Бишкектин айланасын ууландырган жана түтүндүн […]Читать далее
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат. Жер иштери бүткөн соң жаңы […]Читать далее
2023-жылдын 25-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын […]Читать далее
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ «Керме-Тоо» жана «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген. Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан […]Читать далее
Кыргызстанда Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорундагы жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү милдетин […]Читать далее
Германиянын адистери кыргызстандык фермерлерди сүт азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө окутат
Германиянын адистери кыргызстандык фермерлерди сүт азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө окутат. Бул тууралуу КРнын Соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстанга Германиядан делегация келди, алардын курамында тамак-аш өнөр жай тармагындагы ири бизнесмендер бар. Соода-өнөр жай палатасы Кыргыз-немис бизнес-форумун уюштурду, анда тараптар өнөктөштөрдү таба алышты. Немис тарап тамак-аш өнөр жайында жана айыл чарба тармагында кайра иштетүү […]Читать далее