Германиянын адистери кыргызстандык фермерлерди сүт азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө окутат

Германиянын адистери кыргызстандык фермерлерди сүт азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө окутат. Бул тууралуу КРнын Соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанга Германиядан делегация келди, алардын курамында тамак-аш өнөр жай тармагындагы ири бизнесмендер бар.

Соода-өнөр жай палатасы Кыргыз-немис бизнес-форумун уюштурду, анда тараптар өнөктөштөрдү таба алышты. Немис тарап тамак-аш өнөр жайында жана айыл чарба тармагында кайра иштетүү үчүн жабдууларды жана технологияларды сунуш кылат.

Немис делегациясы ошондой эле Кыргызстандын фермерлерин сүт азыктарын кайра иштетүү жаатында окутууну уюштуруу ниетин билдирди. Бул тууралуу макулдашууга КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Россиянын рыногуна сүт азыктарын сатууда келип чыккан көйгөйлөрдү эске алганда, окутуу өз убагында жүргүзүлөт.

Немис делегациясы үчүн бул “тышкы рынокторго чыгуу” программасынын багыттоо модулунун бир бөлүгү болуп саналат, бул ишкердик байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Германия айыл чарба, химиялык өнөр жай, текстиль, жеңил өнөр жай, автомобиль өнөр жайы, тоо-кен өнөр жайы, логистика, соода, жабдуулар жана башка тармактарда кызматташууну сунуш кылат.

Германиядан келген ишкерлер Ош шаарына барып, өлкөнүн түштүк аймагындагы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенишүүдө. Немис ишкерлеринин негизги кызыкчылыгы-Айыл чарба тармагы. Акыркы жылдары Кыргызстан кара өрүктү жана жаңгакты Германияга экспорттой баштады, ошондой эле Германиянын рыногуна чыгуу үчүн келечектүү товарлар топоздун жүнү жана териси болуп саналат.

Связанный пост