«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары аныкталды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген заводунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында кабыл алынды. Анын негизинде «КР Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык КР […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР мыйзамына кол койду. Бул мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. опузалап пара алуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 4-августта Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим […]Читать далее
Бүгүн, 12-августта Ош облусунда министрлер кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун ишке ашуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга облус башчысы Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев жана аппараттын тиешелүү бөлүм башчылары катышты. Жамалдинов Ош облусунун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү өз алдынча […]Читать далее
11-августта Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушуп, кыргыз-пакистан кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, инвестициялык жана техникалык кызматташууну талкуулашты. Тараптар соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө биргелешкен жигердүү иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле айыл чарба, тоо-кен, фармацевтика жана текстиль өнөр жайы, энергетика, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарда […]Читать далее
КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө тутумдун кызматкерлери кесиптик кыйынчылыктарга карабастан өздөрүнүн милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жатышканын белгиледи. “Өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстандын калкынын жашоосу үчүн жагумдуу шарттарды түзүүгө, улуттук коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн тынчтыгын жана бүтүндүгүнө кошкон […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды. Бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда: – Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта); – Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта); – Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта). Бул чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында […]Читать далее
Мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү Кытайдан келген гранттык каражатка курулуп жаткан жолдор менен тааныштырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Турусбеков көчөсүндө Ташкент көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 2340 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 1,5-2,25 метрди түзөт. Панфилов көчөсүндө Медеров көчөсүнөн ЧЧКга чейин курулуш […]Читать далее
Быстровка-Токмок жол кыйгамасында темир жолдун 3870-чакырымында эскилиги жеткен жыгач шпалдардын ордуна темир-бетон шпалдарын Фоссло бекиткичи менен алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. 1 чакырым темир жолго 1680 даана темир-бетон жана 160 жыгач шпалдар төшөлдү. Жыгач шпалдар кыймылдуу составдын дөңгөлөктөрүнүн соккусун жумшартуу үчүн эки рельстин бириктирилген жерине коюлат. Жолдун үстүңкү түзүлүшүн жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен […]Читать далее
Екатеринбургда кыргызстандык аял 300 миң рублга баласын сатууга аракет кылган. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери РФнын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугуу өткөрдү. Тергөөчү билдиргендей, кармалган А.Н. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда А.Н. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат жана бала Екатеринбургдагы […]Читать далее