“Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды челектерди жана аянтчаларды жууп тазалоодо. Биринчи май районунда 2 күндө 200гө жакын таштанды челеги жана 30дан ашык таштанды аянтчасы жуулду. Биринчи күнү Ленинградская, Тоголок Молдо, Мидин, Щербаков көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү. Экинчи күнү Месароша, Кайназаров, Профсоюз көчөлөрүндөгү челектер жуулду. Белгилей кетсек, челектерди жана таштанды аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке […]Читать далее
Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Түп районунун Маяк айылынан Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылына чейинки жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдарынын аймактарында балык корлоруна зыян алып келип жаткан жалпы узундугу 27 миң 600 метр болгон балык уулоочу синтетикалык торлор […]Читать далее
Бишкекте ижарага берилген сегиз батирден өрт чыгып, жалын эки үйдү каптаган. Бул тууралуу ӨМКдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында Бишкектин Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыккан. Ал жанаша турган мансард үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын үч бөлмөсү, биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбы […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” I Жаштар форуму башталды. Иш-чараны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ачты. Форум жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү […]Читать далее
Бишкекте Ички аскерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Майрамдык иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин Командачылыгынын аскер кызматкерлери, ардагерлер жана чакырылган коноктор катышты. Салтанаттуу аземдин башында иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин эскерүү менен “Баатырлар аллеясынын” өчпөс отуна гүлчамбар коюшту. Ички иштер министринин орун басары Ички […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын тизмеси: Башкы концерт 31-августта саат 19:30да Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтөт. Күндүз «Ден соолук» сейил багында саат 16.00-19.00 райондун балдары үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле «Ден соолук» сейил багында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Владимирович […]Читать далее
24-августта Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылынын тургуну 1978-жылы туулган Ш.О. өзүнүн үйүнүн короосунда, адамдын денесинде жаракаттары болуп табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал өлгөн адамдын аялы 1983-жылы […]Читать далее
ИИМ «Унаа» Мамлекеттик мекемесинде колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номер белгилерин сатуу боюнча аукциону болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Басма сөз кызматы билдирди. Түстүү металл сыныктарынын (алюминий) жалпы салмагы 74 601 кг. болду. Бул түстүү металл сыныктарынын 1 кг. старттык баасы өз алдынча жүктөп кетүүнү алуу эске алуу менен 90 сом деп […]Читать далее
Бишкектин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиев япониялык «KYOSAN» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда тараптар “Жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасы” долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады. Компаниянын өкүлдөрү жол тыгынын азайтуу үчүн “акылдуу” жол чырактардын системасын тааныштырды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтар менен биргеликте борбор калаанын жол […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды. Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы […]Читать далее