“Унаа” мекемесинде жокко чыгарылган номер белгилери 7,4 млн сомго сатылды

 “Унаа” мекемесинде жокко чыгарылган номер белгилери 7,4 млн сомго сатылды

ИИМ «Унаа» Мамлекеттик мекемесинде колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номер белгилерин сатуу боюнча аукциону болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Басма сөз кызматы билдирди.

Түстүү металл сыныктарынын (алюминий) жалпы салмагы 74 601 кг. болду. Бул түстүү металл сыныктарынын 1 кг. старттык баасы өз алдынча жүктөп кетүүнү алуу эске алуу менен 90 сом деп белгиленген. Ачык аукциондун жүрүшүндө 1 кг түстүү металлга 99,36 сомдон сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп аныкталды. Аукциондун жыйынтыгы боюнча түшкөн каражаттын жалпы суммасы 7 миллион 412 миң 355 сом 36 тыйынды түздү.

Эскерте кетсек, жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу максатында, мамлекеттик номер белгисиндеги Кыргыз Республикасынын желегинин сүрөтүн механикалык түрдө кесүү жолу менен номер белгисин утилизациялоо жүргүзүлөт.
Аукциондон түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке которулат.

Связанный пост