Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

 Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

24-августта Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылынын тургуну 1978-жылы туулган Ш.О. өзүнүн үйүнүн короосунда, адамдын денесинде жаракаттары болуп табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал өлгөн адамдын аялы 1983-жылы туулган Ш.Ю. болуп такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталды. Тергөө уланып жатат.

Связанный пост