Бишкекте “акылдуу” жол чырактар пайда болушу мүмкүн

 Бишкекте “акылдуу” жол чырактар пайда болушу мүмкүн

Бишкектин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиев япониялык «KYOSAN» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар “Жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасы” долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады. Компаниянын өкүлдөрү жол тыгынын азайтуу үчүн “акылдуу” жол чырактардын системасын тааныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтар менен биргеликте борбор калаанын жол тыгыны көп кездешкен кесилиштерине чыгуу пландаштырышты.

Изилдөө үчүн төмөнкү кесилиштер тандалды:
– Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
– 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши;
– 7-Апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши.

Связанный пост