КРнын Социалдык фондунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-март айларында 20 миң 445 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде март айында 4 миң 26 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1030 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди. Ошондой эле, 143 миң 390 иштеген пенсионерлерге кайра эсептөөлөр жүргүзүлдү.Читать далее
Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленип, эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жакындары, замандаштары жана калаа бийлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, анын жасаган эмгектери менен мамлекеттик ишмердүүлүгү баяндалды. Анда айтылгандай, Абсамат Масалиев кыргыз саясатчыларына мамлекеттик кызматкер кандай болуш керек экендигин көрсөтө алган. Ал өлкөнү жетектеп турганда экономика кескин түрдө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул чечимге 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңген Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү Жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган. 2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери […]Читать далее
Ар бир баланын билимге адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу, мектепке даярдоо максатында Ленин акимиаты И.Арабаев атындагы университет менен биргеликте №93,79,97 мектептин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Бул долбоорго “Жер Ынтымагы” (Арча-Бешик) […]Читать далее
2023-жылдын 5-апрелинде, Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлдүн №38 жана №40 балык уулоочу тилкелерине 1,5 миллион даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Балыктандыруу иш-чарасы Балык чарба департаментинин кызматкерлери, «Ысык-Көл плюс» балык чарба кооперативи, КР УИА БИнун, Түп райондук ветеринардык кызматы, Ысык-Көл облусунун “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын ИИБ […]Читать далее
Октябрь районунун аймагындагы Ынтымак сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-борборунан билдиришти. Бүгүнкү күндө жүзүн таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду, Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат. Буга чейин […]Читать далее
Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын сайтында маалымдалат. Кызматтын билдирүүсүнө таянсак, Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү органдарынын республикадагы мал чарба азыктарын Россияга экспорттоодо ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдөгү ишин жетишсиз деп эсептейт. “Кыргызстандан алып келинген адал колбасаларынын курамынан атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан чочко эти жана соя табылган. Кеп […]Читать далее
Көгүлтүр көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши ӨКМдин суучулдары тарабынан уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору билдирди. Мурунку жума ичинде облустун Түп районуна караштуу Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган көлдүн аянттары тазаланды. 12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен 39 000 гектар аянты камтылып, суу астынан 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500метр […]Читать далее
АРИС Баткенге 5 социалдык обьект куруп баштады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда Баткен районунун чек арага чектеш аймактарында АРИС уюму тарабынан 3 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу башталды. Алар, Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп жана 75 орундуу бала бакча . Көк-Таш айылында 50 орундуу бала […]Читать далее
Анталияда кыргызстандыктар 7-апрелден 8-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталиядагы шаардык өлүкканага жана Кепез районунун мамлекеттик ооруканасына барышкан. Туугандары тарабынан өздүгү такталып, жыйынтыгында каза болгондордун бири КР жараны 1993-жылы туулган Б.к.А.нын өздүгү такталды, ал эми экинчи жабырлануучу Д.А.нын моюн сөөгү сынып, […]Читать далее