Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын 23-майында Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиа каттамын аткарды. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарылат. Оштон Новосибирскке биринчи каттам 169 жүргүнчү учуп кетти. Эсиңиздерге салсак, аталган багыт боюнча башка авиакомпаниялар дагы жумасына 8 каттам аткарышат – күн сайын. Аталган авиакомпания Бишкек […]Читать далее
Бүгүн, А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо башталган капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Стадиондо долбоор боюнча, 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот. Бүгүнкү […]Читать далее
Бүгүн Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын протоколдук тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамсыз жана убактылуу имараттар менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Анын алкагында Ы.Монуев, Г.Айтиев, А.Мамыров, Н.Исанов көчөлөрүнүн боюндагы объектилер текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарынын муниципалдык менчик […]Читать далее
2023-жылдын 22-майынан тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды аткара баштады. Натыйжада, Кыргызстандан Орусияга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу – дүйшөмбү күндөрү аткарылат. Биринчи авиакаттам менен Красноярскга 177 жүргүнчү учуп кетсе, 168 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагындагы жүргүзүлүп жаткан “Жашыл Мурас” улуттук компаниясын аткаруу максатында Тоӊ токой чарбасы тарабынан Карала-Арча, Шатылы участкаларына 3 гектар жер аянтына 840 даана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Бул иш-чарага Тоң район жетекчилиги, мекеме ишканалардын жетекчилери жана Тоң токой […]Читать далее
Көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы фактылары боюнча рейддер улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Борбор калаада юридикалык жана жеке жактар жерди пайдалануу, тазалык тартиптерин, жашыл зоналарды коргоонун тартибин жана тышкы көрктөндүрүү жаатындагы нормаларды жана талаптарды бузууда. Муниципалдык инспекция 15-майдан 20-майга чейинки аралыкта 422 чарба субъектини текшерип, тазалык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28.03.2023-ж. №131-т Тескемесин аткаруу максатында, курулуп жаткан имараттарды жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү: – Орто-Сай айылындагы контур 5 дарегиндеги “Авангард сити” көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, “Авангард Стиль” […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан маалымдашты. Жыйынга мэрдин орун басарлары, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин административдик-чарбалык иштер боюнча проректору Бакытбек Айтахунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча проректору Жыргалбек Сыдыков, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик […]Читать далее
№291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Ноокат районунун 104 жаранына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга […]Читать далее
25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетсек, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү […]Читать далее