Ошто мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү иш чаралары күчөтүлөт

 Ошто мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү иш чаралары күчөтүлөт

Бүгүн Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын протоколдук тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамсыз жана убактылуу имараттар менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Анын алкагында Ы.Монуев, Г.Айтиев, А.Мамыров, Н.Исанов көчөлөрүнүн боюндагы объектилер текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистерине, архитектура башкармалыгы жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен биргеликте мыйзамсыз жана убактылуу соода курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү зарыл чараларды көрүү тапшырмалары берилди.

Связанный пост