№291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Ноокат районунун 104 жаранына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга […]Читать далее
25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетсек, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу, министрлик республикада өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрүнүн атынан эч кандай күмөн жараткан ойнотуулар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдайт. “Урматтуу жарандар! Абийирсиз адамдардын алдамчылыгынын курмандыгы болуп калбоо үчүн сак […]Читать далее
Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборунан маалымдашты. 2023-жылдын 23-майынан 24-майына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чон-Ашуу ашуусу; Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди. Тактап айтканда, шаар башчысы жолду капиталдык оңдоо жана тротуарларды куруу иштери жүрүп жаткан Жогорку Увам көчөсүнө барды. Ал жердеги төшөлгөн жолдун жалпы узундугу 278 метр, туурасы – 6 метр, ал эми […]Читать далее
К.Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, жарыктары жаңыртылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады. Мындан улам унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып, оңдоо иштери жүрүүдө. Аталган аймакта жол […]Читать далее
Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270342 миңди түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр 263 286 миң абонентти түзгөн. Жылдык өсүш 7%ды түздү. Ошол эле учурда абоненттердин ичүүчү сууну пайдалануусу да өсүүдө. Жыл сайын ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү […]Читать далее
Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участоктору иш алып барып, Бишкек шаардык ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ички иштер министрлигинен кошумча күч-каражаттар тартылып, координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт. Бул шайлоого даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлерине өз ыйгарымдарынын чегинде мыйзамдуулуктун сактылышын жана коомдук тартиптин […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Казань шаарында Татарстан Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык камсыздоо министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, эмгекти коргоо, коопсуздук, эмгек мамилелери жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча министрликтердин ортосундагы […]Читать далее
Жапон өкмөтүнүн көмөгү менен, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ өлкө боюнча 600 мектептин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын камсыз кылуу үчүн 15 000 жабдуу, ошондой эле 100 мектепке 863 компьютер сатып алып, таратып берди. Жардамдын жалпы суммасы 1,3 миллион АКШ долларын түзөт. Бүгүн Чүй облусунун Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепте өзгөчө кырдаалдарга […]Читать далее