Калаа башчысы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өткөрдү

Борбор калаанын   мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында шаардын төрт районундагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондук администрацияларынын башчылары жана  тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.

Шаар башчысы мурда жүктөлгөн маселелер боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматты укту.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин тез арада чечүү милдети коюлду.

Связанный пост