16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Иран менен Кыргыз Республикасынын курама командасынын ортосундагы Борбордук Азия футбол Ассоциациясынын (ЦАФА/CAFA) биринчи турниринин беттештери өтөт. Анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миңден ашуун кызматкери тартылат. Урматтуу күйөрмандар Бишкек ШИИББгы сиздерди коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып […]Читать далее
Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана жашыл бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча рейд учурунда “Бишкексууканал” ӨЭБсынын кызматкерлери борбордогу 49 миңге жакын үй ээликтерин текшеришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 302 мыйзам бузуу аныкталган. «Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерин» бузгандыгы үчүн суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлеринин мыйзам бузууларына 8 миң 231,76 сом өлчөмүндө эсептелген. “Бишкексууканал” ӨЭБсынын контролёрлору ичүүчү […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынан Балыкчы шаарына чейин алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти. Поезддин курамында 7 вагон бар, 185 жүргүнчү түштү. Жүргүнчүлөрдү ташыган Бишкек – Балыкчы поезди ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турат. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника […]Читать далее
2023-жылдын 15-июнунда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Талас» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш аянтына келечек урпактарга кайрылуусу жазылган кутуча салды. Курулуш иштер КР Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан […]Читать далее
2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 240 балага ылайыкталган «Жалын» жайкы лагеринде эс алуу уюштурулду. Министр К. Базарбаев балдарга жакшы эс алууну каалап, жылуу сөздөрүн айтып, балдарды лагерге узатты. Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар, багып алган үй-бүлөдө жашаган, тоголок жетимдер жана камкордукка , көзөмөлдүккө алынган балдар, ошондой эле интернаттардын […]Читать далее
Бүгүн, 15-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп кеткен Кыргызстандык ажылар ыйык Мекке шаарына алгачкылардан болуп сапар алышты. Болочок ажылар заманбап автобустар менен жолго чыгышып, аларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү тосуп алышмакчы. «Бүгүн Медина шаарына алгачкылардан болуп келген ажыларыбыз ыйык Меккеге сапар алышты. Мындан ары күн сайын Мекке шаарына 672 […]Читать далее
“Жашыл Мурас” Жарлыгынын алкагында Балыкчыдагы Сары-Булак аймагына 1,8 га гектар жерге 6 миң даана бак-дарак көчөттөрү отургузулду. Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, айыл чарба министри, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Балыкчы шаардык мекеме жетекчилери, Балыкчы шаарындагы орто мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер, коомдук уюмдар катышты.Читать далее
Бүгүн, 14-июнь күнү Ош эл аралык аэропортунда 2023-жылдагы ажылык амалдарын аткаруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагындагы болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына учуп кетти. Ажыларды узатууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, ажылык жана эл аралык байланыштар […]Читать далее
Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Сауд Араб падышалыгынын ыйык Медина шаарына жетти. Болочок ажыларды ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү тосуп алышты. «Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Медина шаарына келишти. Учурда мейманканаларга жайгаштырылып, аларга САПтын ажылык мезгилиндеги эрежелер түшүндүрүлүүдө. Мекендештерибиздин маанайлары жана ден соолуктары жакшы»,-деди Медина шаарындагы штаб өкүлү Султанали ажы Гапуров.Читать далее