2023-жылдын 19-июнунда ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытында, көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, андан сырткары жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча берилген тапшырмалар аткарылышы туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Кеңешменин жүрүшүндө кылмыш иликтөө кызматына, тергөө кызматына, коомдук коопсуздук кызматына, жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына бир катар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министрлиги 19-24-июнь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде алгачкы жолу өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда. Лагерге катышуучулар 2022-2023-окуу жылында вокал, классикалык инструменталдык аспаптар (скрипка, фортепиано, виолончель, гобой, кларнет) боюнча эл аралык конкурстарда, теориялык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон музыкалык мектептердин окуучуларынын, эл аралык конкурстарда алдыңкы көрсөткүч көрсөткөн […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.Читать далее
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде пляждагы тосмолор алынууда. Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына […]Читать далее
2023-жылдагы Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы.Читать далее
2023-жылдын 19-июнунда Орусиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачууну максат кылууда. “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Екатеринбургга каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайбыз.Читать далее
“Бишкекгаз” ишканасынын маалыматы боюнча, абоненттердин жаңы газ түтүгүнө кошулушуна байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндөгү абоненттерге газ берилбейт. 21-июндан 9-июлга чейин газ болбойт. Ар бир этап аяктаганда гана , абоненттерге кезеги менен газ бериле баштайт. “Бишкекгаз” жарандарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат, анткени жаңы газ түтүгүнө кайра кошулуу жаратылыш газын ишенимдүү […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылышына катышты. Министр Каныбек Иманалиев НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылып жатканы абдан символикалуу экендигин айтып, Нарын облусу […]Читать далее
Июнь айында 20 миңге жакын башталгыч класстын окуучулары 500 мектептин жана 25 коомдук китепкананын жайкы лагерлерине барды. Балдар лагерде окуу жана эсеп көндүмдөрүн өркүндөтүшөт, бул алардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Лагерлер USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган. USAIDдин долбоору мугалимдерге оюн тапшырмалары менен колдонмону иштеп […]Читать далее
2023-жылдын 30-июнунда ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин аткарылат.Читать далее