«Талас» аэропортунун жаңы аэробекети курулат

2023-жылдын 15-июнунда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Талас» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш аянтына келечек урпактарга кайрылуусу жазылган кутуча салды. Курулуш иштер КР Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлүүдө.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев, «МЭА» ААКнын жетекчилиги жана башкалар катышты.

 

Куттуктоо сөзүндө «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, биздин жаңы аэробекетибиз Талас шаарынын жагымдуу очогу болуп, аэропортту туруктуу өнүктүрүүгө жана жакшыртууга болгон умтулуубуздун ырастоосу болоруна ишенем деп белгиледи.

 

«Жаңы аэробекет куруу менен биз жүргүнчүлөргө, аэропортко келген конокторго ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздай алабыз деп айткым келет. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биздин башкы милдетибиз болуп эсептелинет. Бул жаңы имаратка заманбап жабдуулар жана башкаруу системалары орнотулуп, ал эми биздин кызматкерлер жүргүнчүлөргө жогорку квалификациялуу тейлөө жана колдоолорду көрсөтүшөт»,- деди.

 

Ошондой эле М.Самидинов бүгүнкү күндө «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалы тарабынан аэродромдун учуу-конуу тилкесинин асфальт бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

 

Белгилей кетсек, аэробекеттин жалпы аянты 662,60 чарчы метрди түзөт. Жаңы аэробекет имараты саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алып, тезирээк жана натыйжалуу тейлөөнү камсыздай алат. Аэробекеттин жалпы аянты 662,60 чарчы метрди түзөт. Имараттын курулушун 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Связанный пост