2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын биринчи турун өткөрөт. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Биринчи этаптын байге фондунда 1183 баалуу байге бар, анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен бар. 26-июндан […]Читать далее
Бүгүн, 20-июнда, билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Ата Мекендик согушта каармандык көрсөткөн шаарлар аркылуу өтүүчү «Эскерүү поездинин» жүрүшүнө Кыргызстандын атынан катыша турган 20 окуучу менен жолугушту. Бекжан Супаналиев бул долбоорго катышуу үчүн сынак аркылуу мыктылар тандалып алынгандыгын белгилеп, балдарды жеңиши менен куттуктады. “Сиздер үчүн баатыр шаарлар менен жакындан таанышуу, ата-бабаларыбыздын […]Читать далее
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды. Долбоорго ылайык, көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын, ирригациялык тармактарды, фонтанды жаңылоо, брусчаткаларды төшөө, отургучтарды орнотуу боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, долбоор Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган беш долбоордун алкагында ишке ашууда.Читать далее
Бүгүн 20 июнь кечки саат 21:00 чамаасында Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолунун 1,0 км – 2,0 км аралыгы толук тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды. Саат 18:00 чамаасында жолдун бир бөлүгү ачылып, каттам эки тараптуу жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, аталган жолдо сел жүрүп, каттам убактылуу тазалоо иштери үчүн жабылган. Аткаруучу: Чүй филиалынын №31 жол тейлөө ишканасы.Читать далее
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен нефтебазадагы өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлдү. Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын 5 күжүрмөн эсеби Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу ӨКБдан тартылган. Ошондой эле Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды. Мындан сырткары, “Кыргызтемир” жол […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 20-июнда, Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн илим жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Шахин Мустафаев Түрк академиясынын ишмердүүлүгү, анын ичинде Кыргызстанга байланыштуу иш-чаралар менен илимий долбоорлор тууралуу маалымат берди. Атап өтсөк, 19-26-июнь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан жана онго жакын мамлекеттен отуздай жаш […]Читать далее
ММК Фондунун Баткен аймактык башкармалыгы (ММКФ АБ) Баткен мамлекеттик университети менен келишим түзүп, күндүзгү жана кечки окуу формасындагы 3 281 чет өлкөлүк студенттер ММК полиси менен камсыздандырылат. 2023-жылдын 19-июнунда ММК Фондунун аймактык башкармалыгынын директору Кубатбек Сапарбаев менен Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдарбек жолугушуу учурунда аталган окуу жайда окуп жаткан бардык студенттерди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу […]Читать далее
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы көчөлөрдүн 8 тилкесинде тротуарларды капиталдык курууну улантууда. Тротуардын жалпы узундугу 14 км түзөт. Учурда төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде иштер уланууда: – Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы); – Чүй проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы); – Горький көчөсү Карасуу көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин (түндүк тарабы); – […]Читать далее
Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет Ысык-Көл облусундагы энергетика жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү да катышты. Алгач эл өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук электр тармактарынын абалын көрүп чыгышты. Энергетика […]Читать далее
2023-жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.Читать далее