Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.Читать далее
№ 93 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Алынган объект Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 55А дарегинде жайгашкан, жалпы жер тилкесинин жалпы аянты 0,32 гектарды түзөт. Атайын кызмат 872,8 чарчы метрди түзгөн аталган бала бакчанын имараты чет өлкөлүк уюмдун жеке менчигине мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысын аныктады. Алсак, 1995-жылы №93 бала […]Читать далее
Жакынкы күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча учурда 62 миңге жакын ипотекалык батирлер курулуп жатат. Ал эми кезекте тургандардын саны 45 миңди түзөт. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада […]Читать далее
Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында темир жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле Балыкчынын көл жээгине чейин жете алышат. Негизги иштер: – Эски рельстерди Р 65 тибиндеги рельстерге алмаштыруу; – Жыгач шпалдарды темир-бетон […]Читать далее
Кыргызстанда дан эгиндеринин үрөнү менен камсыздоо 94 пайызды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылдын жаздык айдап себүүсүнө республика боюнча 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 60,8 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон же камсыздалганы 94% […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталарын билдирет. Белгиленгендей, министрликтин демилгеси менен эки жылдан бери сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган алгылыктуу иштер аткарылууда. Анткени, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Мындан […]Читать далее
IT-хаб ишкерлердин бири-бирине жол көрсөтүп, IT тармагында өнүүгүгө карай бирге бет алуучу аянтчасы болот. Бул тууралуу “Технопарк” IT-хабынын ачылышы аземинде санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Министрдин айтымында, IT-хабдагы компания-резиденттерди жеке жана мамлекеттик деп бөлүп кароого болбойт. “IT технологиясы жеке жана мамлекеттик компаниялардын жардамында өнүгөт. Андыктан, аларды жеке жана мамлекеттик деп бөлүп […]Читать далее
Кыргызстанга Кытайдан сапаттуу металл материалдарын алып келүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Республикасынын Үрүмчү шаарындагы металлургиялык заводдордун жана комбинаттардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышкан. “Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын бири болуп саналат. Курулуш темптери боюнча көптөгөн өлкөлөрдү артта калтырып, асман тиреген имараттарды жана […]Читать далее
Жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү токтотулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 2025-жылдын 1-майынан тартып республиканын бардык аймактарында маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө […]Читать далее
“Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери күз айларында аяктайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аэрпорттун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. “Оңдоо иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден, учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт. Экинчиден, ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги […]Читать далее