Бишкекте беш көмүр отканага жылуулук насосторун орнотуу иштери аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү. Жылуулук насостору №118, №111, №106 мектептерде жана №55, №56 бала бакчаларда орнотулду. Орнотулган жылуулук насосторунун жалпы саны 66 бирдикти түзөт. Белгилей кетсек, жылуулук насостору алдыдагы жылытуу мезгилинде иштей баштайт жана электр […]Читать далее
Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан жолдун түбүн бекемдөө, жер иштери жана кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. […]Читать далее
Быйыл өлкөнүн аймагында 18 чакан ГЭС ишке берилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Кыргызстандын электр энергия системасынын пайдубалы совет доорунда түптөлгөн. Бүгүнкү күндө да өлкөбүз 60 –70 жыл мурда курулган гидроэлектр станцияларынын (ГЭС) эсебинен кубат алып, ошол доордогу мурастын негизинде жашап келет. Өлкө эгемендик […]Читать далее
Москвада кармалган кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, Москва шаарындагы мончо комплексинин биринде тартылган видео жарыялангандан кийин, Кыргызстандын жарандары документтерин текшерүү жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн аныктоо максатында Москва шаарынын Тимирязев районунун ИИМ бөлүмүнө жеткирилген. Бул окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргызстандын элчилиги ошол жарандар менен байланыш түзүп, учурда тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча канча агенттик иштей турганын айтып берди. Жарандарды ишке орноштуруу жана мигранттардын укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 197 агенттик ишмердүүлүк жүргүзүп келет. “Тилекке каршы азыркы учурда онлайн иштеген чет элдик агенттиктер абдан көп. Андан тышкары, бизден уруксат кагаз албай […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди. Ведомстводон маалымдашкандай, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү Москвада кармалган кыргызстандыктардын укугун коргоого кошулду. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте бул кырдаалды дароо көзөмөлгө алып, Түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан. Учурда кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россиядан чыгаруу […]Читать далее
Кезектеги турпоезд 11-апрель күнү Кыргызстанга кирип, эң алгач Ысык-Көл облусун көздөй сапар алган. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы билдирет. Туристтер облустун кооз табиятты, тарыхый жана маданий жайларды кыдырып чыгып, 12-апрель күнү кайра Бишкекке кайтышкан. Чет өлкөдөн келген коноктор Ала-Арча капчыгайын жана Бишкекти кыдырышты. Туристтик маршрут Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды камтып, үч […]Читать далее
2025-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 158 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Белгиленгендей, 2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, мындай кырсыктар 15% га көбөйгөн. Көзөмөл органдарынын маалыматына ылайык, автобус айдоочулар тарабынан жол эрежелеринин бузулушу да көбөйгөн. Кырдаалды туруктуу кылып, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу максатында “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, […]Читать далее
Эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат, -деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook’тагы баракчасына билдирүү калтырып. “Урматтуу эл-журт! Кечээ Конституциялык соттун К.Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. Конституциялык сот көз карандысыз. К. Бакиев боюнча Жогорку Соттун […]Читать далее
Кыргызстан менен Американын санариптик өнөктөштүктү күчөтүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өнөктөштүктү күчөтүү маселеси бүгүн министрликте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланды. Тараптар жасалма интеллектен баштап санариптик чечимдерге чейинки инновациялык технологияларды биргеликте өнүктүрүүнү талкуулады. Ошондой эле жылдын эң ири санариптик окуясы – КИТ-2025 форумуна даярдык көрүү маселеси каралды. […]Читать далее