Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарынын аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Безымянная жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Борбор калаанын башчысы курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүүнү, ага чектеш аймакты көрктөндүрүү маселесин кароону, турак жайлардын жанындагы балдар аянтчасын жана […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин шаарга кирген унаалардан акы алуу сунушун колдобойт. Бул тууралуу Атайын кызматтан билдиришти. УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. “Товарларды шаарга жеткирүү […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолго кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курулат. Мындай чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн көп жылдык (курулуш иштери башталгандан бери) илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынды. Жумуштар жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында жүрүп, анда чоң көлөмдө түшө турган кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулат. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев абхаз, армян номерлүү унаалардын ээлери менен жолукту. Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты. Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда абхаз, армян номурлуу унаалардын айрым ээлери машинелерди мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам Ташиев президент […]Читать далее
Күн мурун, 8-апрелде “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Худжанд – Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү аткарды. “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, үзгүлтүксүз каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. (келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда). Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтына же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алсаңыздар болот! Авиакомпания менен байланыш номерлер: […]Читать далее
Өлкө аймагында кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет жана жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү иштери жүргүзүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 37,100 кг эспарцет үрөнү жана 56,595 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү себилип, 6,324 гектар аянт камтылды. Натыйжада пландын 42,4% аткарылды. Облустар боюнча алсак: Баткен облусу: 790 кг эспарцет […]Читать далее
Бишкекте эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалып, ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда. Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген. Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү […]Читать далее
Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти. Кубатов социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна чокусуна кычкылтексиз 7-апрелде ийгиликтүү көтөрүлдү. “Жеңиш биздики элим! Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген ак жолтой туубуз эң коркунучтуу жана эң татаал чокуда Аннапурнада көтөрүлдү. Бул жеңишимди көп улуттуу […]Читать далее
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2025-жылдын I жарымында 53 млн сом чогултту. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: эмгек акыга – 26 млн 380,9 миң сом; социалдык фондго – 4 млн 550,7 миң сом; киреше салыгына – 2 млн 638,1 миң сом жумшалды. Белгилесек, Ветеринардык кызматтын […]Читать далее
Күн мурун Бишкек шаарына Европа өлкөлөрүнөн туристтер менен биринчи туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH (Лернидее Эрлебнисрайзен ГмбХ) туристтик компаниясынын өкүлдөрү “Кыргыз темир жолу” ишканасына Кыргызстан аймагында темир жол аркылуу туристтик тур уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кайрылууга мамлекеттик ишкана меймандардын каалоолорун эске алуу менен […]Читать далее