1-майдан 11-майга чейин Бишкектен Ала-Арча жаратылыш паркына жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат. Белгилей кетсек, жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат. […]Читать далее
Май айынын ортосунда дагы 250 үй-бүлөгө Бишкектин К.Молдобосанов көчөсүндө жайгашкан ипотекалык батирлер тапшырылат. Бул тууралуу “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкек шаары боюнча жалпысынан 11 миңден ашуун батир курулууда. “Атап кетсем, алар К.Маликов көчөсүндөгү “Мурас” турак жай комплекси, ошондой эле “Ынтымак” жана […]Читать далее
Бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинен: трактор – 22 341 даана; соко – 11 544 даана; үрөн сепкич – 3 356; малалар – 14 635 даана; жер семирткич чачкыч – 811 даана; арык казгыч – 1389 даана; жер тегиздегич – 2006 даана; трактор чиркегич – 9088 даана ж.б […]Читать далее
Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын жыйынында Евразия экономикалык союзунун (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин жарандарын Россиядагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү тууралуу маанилүү маселе каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын ЕЭКтеги министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, талкуу учурунда ал кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулуу учурлары көбөйүп жаткандыгын белгилеген. “Акыркы убакта социалдык тармактарда жана ЖМКларда Кыргызстандын жарандарына документтерди […]Читать далее
“Айфон 16” жана “Самсунг S25” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларын түзгөн кымбат баалуу iPhone 16 жана Samsung S25 уюлдук телефондорунун ири партиясын […]Читать далее
Tunduk колдонмосунда жаңы кызматтардын тизмеси көбөйдү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эми электрондук форматта төмөнкү маалымкаттарды алса болот: Психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат; Наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат. Бул маалымкаттар: Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн алынат; Юридикалык күчкө ээ; Күнү-түнү жеткиликтүү; Мамлекеттик жана жеке уюмдар тарабынан кагаз түрүндө […]Читать далее
Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун алкагында Япониялык компания менен келишимге кол койду. Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Абсаттар Сыргабаев, орун басары Бекназар Базаралиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана башка расмий меймандар катышты. Долбоордун алкагында Бишкек – Ош унаа […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында IM Japan уюмунун жетекчилиги, анын ичинде Хитоши Канамори менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргызстандык жарандарды Японияда ишке орноштуруудагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр Сабиров IM Japan менен болгон өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал 2025-жылдын январында кол коюлган өз ара […]Читать далее
Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында өткөн жылы 43 унаа сатып алынган. Быйыл 25 унаа сатып алуу пландалууда. “Ошондой эле элчиликтердин бардыгында компьютерлер жаңыртылды. Жаңы техникалар менен жабдылууда. Ал эми Женева жана Кореядагы эчлиликтерге […]Читать далее
Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясы 9-майда өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Афган согушунун жана куралдуу чыр-чатактардын “Күжүрмөн бир туугандык” ардагерлер коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев билдирди. Ал белгилегендей, ошол эле учурда Бишкекте парад 8-майда өтөт. “Мамлекет башчысы Москвадагы парадга чакырылган, буга байланыштуу парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынган“, – деп түшүндүрдү ал. «Өлбөс полк […]Читать далее