Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чаралар 2025-жылдын 26-майында саат 9:00 өткөрүлөт. «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Бишкек […]Читать далее
Кыргызстанда курулушчулар үчүн жаңы камсыздандыруу өнүмү иштелип чыгып, изке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жаңылык эки тарап үчүн тең чоң артыкчылык болмокчу. Жаңы механизмдин маңызы эмнеде? МКУ менен өнөктөштүк келишимине кол койгон алгачкы курулуш компаниясы — Vilar болду. Бул кызматташуунун алкагында компаниядан сатып алынган ар бир батир 3 жылдык камсыздандыруу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөгө чыгууну чектөөнү жеңилдетет. Ведомстводон билдиришкендей, эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов I кварталдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясында демилгеледи, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамиледе болууну чагылдырат. Салык кызматынын төрагасынын айтымында, иш […]Читать далее
Өлкө боюнча буудай өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, учурда республиканын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жазгы талаа жумуштары активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы 248,6 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен: […]Читать далее
Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында премиум класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекеттин пайдасына алынды. Тактап айтканда, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү […]Читать далее
Менчиктештирилип кеткен “Ысык-Ата асыл тукум тоок заводу” мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1980-жылы түзүлгөн “Ысык-Ата асыл тукум тоок заводу” мамлекеттик ишканасы 2002-жылы “Алтын-Канат” ААКка өзгөртүлгөн. 2007-жылы акционерлердин үлүшүнө өтүп кеткен мекеме 2025-жылдын 17-мартында кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылып, Суу ресурстары, айыл чарба жана […]Читать далее
Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлүүдө. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.Читать далее
Күн мурун биринчи айым Айгүл Жапарова “Санарип көндүмдөрү баары үчүн: жаңы жүздөр” эл аралык форумуна катышты. Форум санариптик доордо бирдей мүмкүнчүлүктөр тууралуу ачык диалог аянтчасы болуп калды. Анын максаты – санариптештирүү кандайча туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычы катары кызмат кыла аларын көрсөтүү, Борбор Азиядагы аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Иш-чарага жасалма интеллект, санариптик каржылоо, STEM билим берүү, […]Читать далее
Бүгүн президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин алкагында Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьёва менен жолукту. Бул тууралуу Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө ал акыркы беш жыл ичинде өлкөдө санариптештирүү тиешелүү деңгээлде координацияланбаганын жана системалуу ыкманын жоктугун жана бүгүнкү күндө президенттин тапшырмасына ылайык, санариптик трансформация жаңы […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда “Ак илбирс” экологиялык коридору түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, коридор ири табигый аймактарды камтып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүн коргоого багытталган. Коридор жалпы аянты 792 миң гектардан ашкан “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркын, Сарычат-Ээрташ коругун жана Нарын коругун кошкондо бир нече корголуучу […]Читать далее