Бүгүн, 7-августта Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан берилген бардык салык декларацияларын жок кылуу процессин аяктады Жалпысынан жеке жактардын 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынды. Анын ичинен 1 млн 503,1 миң декларация ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактарга, 321,5 миңи – салык салынуучу кирешеси жокторго (жөнөкөйлөтүлгөн), 553,1 миңи – мамлекеттик […]Читать далее
Кыргыз Республикаснын УКМКнин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 06-августунан баштап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгүнө айрым өзгөрүүлөр киргизилгендигин маалымдайт. “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 08.00дон 20.00го чейин иштеп башташты. […]Читать далее
6-августта КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш, Чыгыш, Түндүк РЭТинин күз -кыш мезгилине даярдыктары менен таанышты. Энергетика министри РЭТтердин күз -кыш мезгилине даярдыктар менен таанышып, РЭТерде “авариялык запас” менен камсыздоосун текшерди. Министр Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилигине алдыдагы кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү жана сапаттуу жасоону тапшырды. “Энергетиктерде […]Читать далее
Калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 2023-жылдын I-жарым жылдыгына 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Анын ичинде: – 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул “Үй-бүлөгө көмөк” – 2,7 млрд сом; – “Балага сүйүнчү” баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк пул – 292,1 млн сом; – социалдык жөлөкпулдар – 4,2 млрд […]Читать далее
КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды. Ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу […]Читать далее
Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган масштабдуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейд 5-августтан 6-августка чейин болуп өттү. Рейд көрсөткөндөй, “көлдүн” желине жана ысык суусундуктарга мас болгон кээ бир унаа ышкыбоздору мыйзам, жүргүнчүлөр жана башка айдоочулар алдындагы жоопкерчиликти унутуп коюшкан. Ал эми, орду толгус окуяларга орун бербеш үчүн облустук жол […]Читать далее
7-8-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги […]Читать далее
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 31-июлдан тартып, 6-августка чейин, 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -251; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 565; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 311; -Авто ээнбаштык – 9; -Белгиленген ылдамдыктан […]Читать далее
Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын Ташкент-Ысык-Көл багыты боюнча каттам салтанаттуу түрдө
2023-жылдын 5-августунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салт боюнча «Silk Avia» авиакомпаниясынын ATR 72-600 учагын суу аркасы менен тосуп алышты. Ташкенттен жаңы каттам менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 56 жүргүнчү учуп келсе, 56 адам кайра Ташкентке учуп кетмекчи. Белгилей кетсек, бул жаңы Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын биринчи […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жеке ассистенттентердин саны 13 657 адамды түздү. Алар 13 373 чоңдорго жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 8 366 адам жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алышкан, алар 8 493 чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтүшкөн. 2023-жылы […]Читать далее