Тоң районунда “Боз үй дүйнөсү” этно-комплекси пайда болот

 Тоң районунда “Боз үй дүйнөсү” этно-комплекси пайда болот

Тоң районуна курулуучу “Боз үй дүйнөсү” этно-комплексинин эскизи даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул эскиздик долбоор Тоң районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Белгиленгендей, этно-комплекс “Аалам Ордо” маданий-этнографиялык комплексинин аймагына курулат.

“Боз үй дүйнөсү” этно-комплексинин негизги максаты боз үйдүн жасалуу тартибинин көргөзмөсүн өткөрүүгө, сейилдөөгө жана меймандар үчүн сый көргөзүүгө багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост