Үч жыл ичинде бош жумуш орундар жарманкеси 20,4 миңден ашык жумушсуздарды камтыды

 Үч жыл ичинде бош жумуш орундар жарманкеси 20,4 миңден ашык жумушсуздарды камтыды

Үч жылдын ичинде бош жумуш орундардын жарманкелери 20,4 миңден ашык жумушсуздарды камтыды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда билдирди.

Министр белгилегендей, долбоор үч жыл аралыгында эмгек рыногунда заманбап ыкмаларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө көмөк көрсөттү, калктын ар кандай топтору, анын ичинде майыптыгы бар адамдар, жаштар, айыл жергесинин аялдары жана кайтып келген мигранттар үчүн 4 жаңы кызмат иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Кызматты алгандардын жалпы саны 9769 адамды түзөт.

Ошондой эле эмгек рыногунда кесиптик багыт берүү жана талап кылынган курстар боюнча кызматтарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында тигүүчү, күнөскана чарбасы, электрогаз ширетүү/аргон ширетүү, слесарь-сантехник, официант ж. б. багыттар боюнча 10 курс иштелип чыкты.

Ошондой эле жеке сектор менен биргеликте 11 бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси уюштурулуп, алар 20,4 миңден ашуун адамды камтыды жана майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылган иш берүүчүлөр үчүн “Чексиз” улуттук биринчилиги уюштурулду”, – деди министр.

Иш-чаранын алкагында, 54 ишке орноштуруу кызматтарында техникалык жабдуулар жаңыртылганы жана майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүү шарттары жакшыртылганы, кесипке багыт берүүчү борборлордун 7 иш менен камсыз кылуу кызматында заманбап дизайн жана жабдуулар менен жабдылган шарттар түзүлгөнү айтылды.

Бардыгы болуп долбоордун алкагында эмгек рыногу жаатында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын потенциалын жогорулатуу, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жаңы чаралары, санариптик көндүмдөр, эмгек рыногунун автоматташтырылган системасын, PR жана коммуникацияларды колдонуу, отчеттуулукка мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча 750дөн ашык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, Соода-өнөр жай палатасынын, ЖИА Бизнес ассоциациясынын, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Связанный пост