2023-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Ошону […]Читать далее
Өлкөдөгү ун азыктарынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет: Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок. Эртең, 22-сентябрдан баштап КР ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 000 тонна буудай даны кампадан чыгарылат. Ошондой эле, ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 21-сентябрда, Бишкекте өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумуна катышты. Форумга ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гюнай Эфендиева, Эл аралык Түрк […]Читать далее
Ысык-Көлдө “Аймактарды өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрүлүүдө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө “Аймактарды өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу жалпы республикалык семинар-кеңешме өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги маалымдады. Иш-чара КРнын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы республикалык сынагынын жыйынтыгы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гюнай Эфендиева менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоо, түрк элдеринин маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоону талкуулашты. Мамлекеттик катчы Фонддун кыргыз элинин маданиятын жана […]Читать далее
Жалал-Абад облусу боюнча 2023- жылы 8 ай ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 1 461,9 млн сом каржыланды. Бюджеттер аралык трансферттер: 1. Теңдөөчү трансферт – 372,4 млн сом; 2. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 36,4 млн сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 16,8 млн сом; 4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 18 млн сом; 5. Айыл […]Читать далее
Талас облусу боюнча 2023-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 153,8 млн сом каржыланды. Бюджеттер аралык трансферттер: 1. Теңдөөчү трансферт – 128,5 млн. сом; 2. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,5 млн. сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,4 млн. сом; 4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13,4 млн. сом. Мындан тышкары Капиталдык салымдар […]Читать далее
КРнын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №136 НИ буйругун аткаруу максатында жана Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук прокуратурасынын катынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Ивановка, Милянфан, Кең-Булуң айыл аймактарындагы токой фондусунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбасын текшерди. Натыйжада КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 239-беренесине ылайык, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты […]Читать далее
Бишкекте күйүүчү-майлоочу материалдардын (күйүүчү-майлоочу майлардын) стихиялуу соодасына каршы күрөш уланууда. Рейдди Биринчи май акимиатынын жана №15 МТУнун кызматкерлери Профсоюз көчөсүн бойлой Фучиктен П.Лумумба көчөсүнө чейинки аралыкта өткөрүштү. Белгилей кетсек, бул аймак мыйзамсыз АИ-92 үлгүсүндөгү бензин сатуу пункттары менен белгилүү. Аталган ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча 18 000 сомго 6 административдик […]Читать далее
2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Чыңгыз Макешовдун төрагалыгы алдында кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Ун комбинаттары ассоциациясынын, соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ун өндүрүүчүлөр менен базардагы 1-сорттогу унга болгон баалардын абалы боюнча жыйын өттү. Акыркы күндөрү жергиликтүү жана сырттан келген унга болгон баалардын […]Читать далее