Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кийинки жылы долбоорлорду каржылай баштайт

 Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кийинки жылы долбоорлорду каржылай баштайт

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кийинки жылы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылай баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Кыргызстандын Улуттук банкына которулуп жатты.

 

Муну менен катар министр өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өскөнүн белгиледи.

 

“Өткөн жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эле 60 млн доллар каржыласа, быйыл Финансы министрлигинин кепилдик институттарынын жана ири долбоорлордун аркасында инвестициянын көлөмү 150 млн доллардан ашты. Мындан тышкары, Өзбек-Кыргыз жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонддору активдешип, Бириккен Араб Эмираттары менен да фонд түзүлдү”, – деп кошумчалады Амангелдиев.

 

Эскерте кетсек, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимгек Азербайжан мамлекетинин президенти Ильхам Адиевдин 2022-жылы 11-12-октябрда мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келген учурда кол коюлган.

 

Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономикалык кызматташтыкка колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Анын баштапкы капиталы 25 млн долларды түзөт. Каржылоо Азербайжан тараптан ишке ашырылат.

Связанный пост