Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү

 Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү

Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

“Санарип ден соолук профили” кызматы Кыргызстандын ар бир жаранына жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат, атап айтканда:

– Адам тиркелген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму;

– Камсыздандыруу статусу;

– Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын имараттары жөнүндө маалыматтар;

– Ооруканага жаткыруу боюнча маалыматтар;

– Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары;

– Эмдөө боюнча маалыматтар.

 

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ата-энелер жашы жете элек балдардын медициналык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алышкан, бул аларга балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Ошондой эле эмдөөдөн жана белгилүү бир анализдерден өтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрдү кошуу иштери жүрүп жатат.

 

Жарандардын жана мамлекеттик саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү түйүнү аркылуу санарип ден соолук профили жарандардын ынгайлуулугу үчүн жаңы кызматтар менен толукталат.

Связанный пост