Кыргызстанда бир жумада сасык тумоонун 11,5 миң жана COVID-19дун 2 учуру катталды

 Кыргызстанда бир жумада сасык тумоонун 11,5 миң жана COVID-19дун 2 учуру катталды

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

 

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 50-жумасында (11.12-17.12.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 11 миң 575 учуру катталган.

 

Ошондой эле акыркы жумада Бишкекте жана Чүй облусунда COVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды.

 

Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жана баалоо улантылууда.

Связанный пост