Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучу жоюлган. Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт көзөмөлдөөдө.Читать далее
Бишкекте мыйзамсыз иштеген диний балдар лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекемелердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн уруксаты жок жана КР Дин иштери боюнча […]Читать далее
Жети-Өгүз районундагы 5 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкелерин аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу иштерин улантууда. Анын алкагында Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын аймагындагы баасы 35 млн 865 миң 868 сомду түзгөн 5 гектар жер аянты муниципалдык менчикке […]Читать далее
Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 626 миң даана жумуртка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракет Ветеринария кызматынын “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган. Тактап айтканда, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы номер 293 токтому менен өлкө аймагына […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 22-августта, Улан-Батор шаарында (Монголия) “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда ардактуу конок катары сөз сүйлөдү. Форум 22-23-августта Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта өтүүдө. Иш-чарага 15 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана министрлери, 20дан ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес, […]Читать далее
Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, 1-сентябрдан тарта транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет. Эми тонировкага уруксат алуу үчүн агенттиктин бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта онлайн кайрылууга мүмкүнчүлүк […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен: – мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203; – саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, […]Читать далее
Кеминдеги мамлекетке кайтарылып алынган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, тийиштүү чечимди мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды. “Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде […]Читать далее
Административдик-аймактык реформадан кийин Бишкекте шайлоо тилкелеринин саны 228ден 267ге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча борбор калаада өткөн жыйында айтылды. Мэриядан билдиришкендей, жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты. Анда алдыдагы […]Читать далее
Чүй облусунда билим берүү мекемелеринин жанындагы ылдамдыкты көрсөткөн жол белгилери “40тан” “30га” өзгөртүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми облуста бардык мектепдердин аймагында айдоочулар унаанын ылдамдыгын саатына 30 чакырымдан ашырбай айдоого тийиш. Бул жол коопсуздугун жакшыртуу максатында жасалууда. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жана жол белгилерин жаныртуу, караңгы убакта […]Читать далее