Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Корея Республикасынын мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Чечхон шаарынын азыркы мэри Ким Чанг Гю жетектеген кореялык делегация менен жолукту. Эдил Байсалов Чечхон жана Талас шаарларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча келишимге кол коюлганын кубаттап, бул жаңы достук көпүрөсү болуп Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты […]Читать далее
Коопсуздук кеңешинин катчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 29-мартта Нью-Дели шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 18-жыйынына катышты. Марат Иманкулов өз сөзүндө ШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үзгүлтүксүз жолугушуулары мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн реалдуу практикалык мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Туруктуу иштеген органдардын активдүүлүгү жана ШКУнун бардык механизмдерин тартуунун аркасы менен, […]Читать далее
Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду: – Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн элдеринин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору […]Читать далее
Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индия Республикасынын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты. Өз кезегинде мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.Читать далее
Бенин Республикасы Кыргызстан менен ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар
Кыргызстандын жана Бенин Республикасынын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуга ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Палатанын башчысы Темир Сариев Бенин Республикасынын РФдагы элчиси Андре Окунлола Биау менен жолугушту. Элчи мырза Кыргызстанга өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуу үчүн атайын келди. Бенин Республикасынын элчиси өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелер кыйла жемиштүү боло […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов менен Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты. Жолугушууда тараптар Россия Федерациясынын атынан Ош шаарында заманбап мектеп куруу боюнча пландалган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Мэр бул окуу комплекси шаардагы заманбап […]Читать далее
Берлинде Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жазган китептин бет ачаары болуп өттү
Берлинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде Кыргызстандын экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин жакында Лондондо жарык көргөн “Борбордук Азиянын экономикалык кайра жаралышы жаңы чоң оюндун көлөкөсүндө” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинен билдиришти. Автор Ж.Оторбаев Борбордук Азия региондун абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу өз көз карашы жана баалары менен бөлүштү. Ал белгилегендей, бул китеп […]Читать далее