Берлинде Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жазган китептин бет ачаары болуп өттү

 Берлинде Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жазган китептин бет ачаары болуп өттү

Берлинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде Кыргызстандын экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин жакында Лондондо жарык көргөн “Борбордук Азиянын экономикалык кайра жаралышы жаңы чоң оюндун көлөкөсүндө” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинен билдиришти.

Автор Ж.Оторбаев Борбордук Азия региондун абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу өз көз карашы жана баалары менен бөлүштү. Ал белгилегендей, бул китеп Борбор Азиянын уникалдуу өнүгүүсүнө арналган. Айрыкча региондун постсоветтик экономикалык жана саясий трансформациясынын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө, ошондой эле анын Орусия, Кытай жана Батыш менен болгон мамилелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Куттуктоо сөзүндө КРнын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Жоомарт Оторбаевге Берлинге болгон иш-сапары жана китептин жеке бет ачары үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи Өмүрбек Текебаев жаңы татаал эл аралык шарттарда Борбордук Азиянын ролу жана мааниси өсүп жатканын белгиледи.

“Кыргызстан альтернативасы жок аймактык интеграцияны өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулууда. Мына ушул максаттарда 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө абдан маанилүү тарыхый келишимге кол коюлган. Бул келишим ишенимдүү пайдубал болуп, аймактык бирикмебизге жаңы дем берет деп ишенебиз”, – деп билдирди Элчи.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Германиядагы элчилери, Германиянын саясий, илимий жана эксперттик чөйрөлөрүнүн, анын ичинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин, саясий фонддордун өкүлдөрү катышып, бардык суроолоруна Жоомарт Оторбаевден жооп алышты.

Китептин рецензенттери: Германиянын экс-Федералдык президенти Х.Келлер, Чехиянын экс-президенти В.Клаус, Азия өнүктүрүү банкынын экс-президенти Такехико Накао жана Дүйнөлүк банктын экс-вице-президенти Филипп Ле Уэру сыяктуу көптөгөн белгилүү инсандар болушкан.

Связанный пост