Бенин Республикасы Кыргызстан менен ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар

 Бенин Республикасы Кыргызстан менен ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар
Кыргызстандын жана Бенин Республикасынын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуга ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Палатанын башчысы Темир Сариев Бенин Республикасынын РФдагы элчиси Андре Окунлола Биау менен жолугушту.
Элчи мырза Кыргызстанга өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуу үчүн атайын келди. Бенин Республикасынын элчиси өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелер кыйла жемиштүү боло аларына ишенимин билдирди. Бенин агрардык мамлекет жана банан, ананас, кешью жана пахта сыяктуу продукциясын Борбордук Азия өлкөлөрүнө экспорттой алат.
10 миллионго жакын калкы бар Бенин Республикасы Кыргызстан жана региондун башка өлкөлөрү менен ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар.

Связанный пост