Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

– Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуу;

– 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык бирликке кошулуунун алкагында Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын ишке ашырып жаткан салыктык администрациясын колдоо үчүн Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын (Росреестр) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

– “Бишкек Солар” жоопкерчилиги чектелген коому, “Юнигрин Энерджи” компаниялар тобу жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим.

Связанный пост