2023-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 228,9 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 106,2 %ды түздү (2022-жылдын январь-декабрь айларында – 109,0%). Жетишилген көрсөткүч өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча максаттуу аракеттердин натыйжасы болуп саналат. […]Читать далее
Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. “Инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү. 2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландап жатабыз”, – деди ал. Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын […]Читать далее
2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылга карата экономикалык көрсөткүчтөр жаңы ыкмалар боюнча кайра каралып, анын жыйынтыгында өсүү темпинин көрсөткүчү өскөн. Андан кийин 2023-жылга карата эмес такталды. Ошентип, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен унаа чыгаруучу завод куруу жөнүндө келишими ишке ашып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, аталган заводдо быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында алгачкы унаалар чыгарыла баштайт. “Барыбызга белгилүү болгондой завод куруу үчүн Сокулук районунан жер бөлүнүп берилген. Азыркы учурда заводду […]Читать далее
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркиянын казына жана каржы министринин орун басары, Түркиянын EXIMBANK төрагасы Осман Челик менен жолугушту. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жана тыгыз соода тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн […]Читать далее
Сауд Аравиясы Кыргызстан менен транспорт, логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар
Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын транспорт жана логистика министри Салех бин Насер Аль-Жасер менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи Марипов Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи. Ал өткөн жылы аткарылган иштер жана жетишилген жыйынтыктарга кеңири токтолуп, мындан ары кызматташууну активдештирүү боюнча ой бөлүштү. […]Читать далее
2024-жылдын планына Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 602 млрд сом менен бекитилди. Өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин 2010-жылдан 2023-жылга чейинки өсүү динамикасын сунуштайбыз. 2010-жылы бийликке келген Роза Отунбаеванын маалында өлкө казынасы 96,5 млрд сом болгон. Ал эми 2011-жылы Алмазбек Атамбаев бюджетти 125,2 млрд сом менен баштаган. 2012-жыл — 142,5 млрд сом; 2013-жыл — 154,8 млрд сом; 2014-жыл — 182,5 […]Читать далее
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-декабрь айларында 1,2 триллиондон ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 6,2% жогорулады. ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,2%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 3,6%, ал […]Читать далее
2023-жылдын 12 айында ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 210 миң 968, 5 тоннаны түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди. Чекирбаевдин айтымында, ошентип өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмү – 204 миң 440, 25 тонна, мал чарбачылык – 6 миң 527, 8 тоннаны түзгөн, […]Читать далее
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен айыл чарба багытында тышкы соода жүгүртүүсү жалпысынан 622,7 млн. долларын түздү. Анын ичинен экспорт 128,5 млн. долларды, импорт 494,2 млн. долларды түзгөн. Экспорт: – жемиштер – 49,0 млн. доллар, – жашылчалар – 29,4 млн. доллар, – сүт жана сүт азыктары – 19,9 млн. доллар, – балык – 17,1 […]Читать далее