Экономика министри кыргыз-өзбек унаа заводу качан ишке берилерин айтып берди

 Экономика министри кыргыз-өзбек унаа заводу качан ишке берилерин айтып берди

Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен унаа чыгаруучу завод куруу жөнүндө келишими ишке ашып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, аталган заводдо быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында алгачкы унаалар чыгарыла баштайт.

“Барыбызга белгилүү болгондой завод куруу үчүн Сокулук районунан жер бөлүнүп берилген. Азыркы учурда заводду куруу иштери аягына чыгып жатат жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин завод ишке киргизилип, алгачкы унаалардын өндүрүлүшү күтүлүүдө. Келечекте дүйнөдө экспорттолгон жана реэкспорттолгон унаалардын кандайдыр бир бөлүгүн биздин өлкөдөн чыгарылган унаалар ээлейт деп ойлойбуз”, – деди министр.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда автоунаа жана коммерциялык техникаларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташууга келишим түзүлүп, документке Кыргызстандын министрлер кабинети жана Өзбекстандын өкмөтү кол койгон.

Связанный пост