Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Москва шаарындагы Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Бюросунун Директору Марина Шрамм менен жолугушту, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар кыргызстандыктардын аялуу категорияларына, атап айтканда, балдарга жана аялдарга зарыл жардам көрсөтүү, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди […]Читать далее
КРнын өкмөттүк делегациясынын Японияга жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары болуп өттү. Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан даярдалган презентацияда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган. Бет ачардын жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.Читать далее
Садыр Жапаров Индонезиянын президентине Ява провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын
Президент Садыр Жапаров Индонезиянын Президенти Джоко Видодого Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең […]Читать далее
21-22-ноябрда Эр-Рияд шаарында кызматташтык боюнча Кыргыз-Сауд өкмөттөр аралык комитетинин 3-жыйынынын алкагында Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын жана Сауд Арабиясынын бир катар министерстволору менен мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик топтордун жолугушуулары өтүүдө. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, инфраструктура, транспорт, энергетика, айыл чарба, суу чарба, маданият, билим берүү жана туризм, […]Читать далее
«Караван Экспо» көргөзмөсү 17,18,19-ноябрь күндөрү Москва шаарынын Өкмөт үйүнүн имаратында өтөт. Ага Кыргызстандан 40ка жакын компания, негизинен тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөнүн 17-ноябрдагы ачылыш аземине КРнын РФдагы элчиси Гулнара-Клара Самат катышты. Ал өз сөзүндө Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарына катышуучулардын көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгиледи (2022-жылдын биринчи […]Читать далее
Брюсселде КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европанын гуманитардык жардам жана кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушту. Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты. Мындан тышкары, кризистик көрүнүштөргө каршы туруу жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кризистик шарттарда эффективдүү иштеши үчүн потенциалын чыңдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын уран калдыктарын сактоочу жайлардын […]Читать далее
Кыргызстандык лейтенантка окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу дипломду Режеп Тайип Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Ал Түркия Ички иштер министрлигинин Анкара шаарындагы Полиция академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасында билим алып жаткан. “Адилет Акинали уулу 2021-2022-окуу жылында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин Улуу Британиянын Өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Садыр Жапаров Риши Сунакка чың […]Читать далее
27-октябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев катышты. Жыйындын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол администрацияларынын ортосунда жигердүү кызматташууну түзүү маселелери каралды. Өз кезегинде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышты өнүктүрүүнүн келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты. БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян Президент Садыр […]Читать далее