Россиянын аймагындагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды

 Россиянын аймагындагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Москва шаарындагы Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Бюросунун Директору Марина Шрамм менен жолугушту, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар кыргызстандыктардын аялуу категорияларына, атап айтканда, балдарга жана аялдарга зарыл жардам көрсөтүү, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди азайтуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган күч-аракеттерди мындан ары да консолидациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Связанный пост