Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин жыйыны өтүүдө

 Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин жыйыны өтүүдө

21-22-ноябрда Эр-Рияд шаарында кызматташтык боюнча Кыргыз-Сауд өкмөттөр аралык комитетинин 3-жыйынынын алкагында Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын жана Сауд Арабиясынын бир катар министерстволору менен мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик топтордун жолугушуулары өтүүдө.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, инфраструктура, транспорт, энергетика, айыл чарба, суу чарба, маданият, билим берүү жана туризм, анын ичинде Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулашууда.

Ошондой эле, катышуучулар 2022-жылдын 23-ноябрында кызматташтык боюнча Кыргыз-Сауд өкмөттөр аралык комитетинин пленардык жыйынынын жүрүшүндө теңтөрагалар тарабынан кол коюла турган Протоколдун пункттарын макулдашышты.

Комитеттин кыргыз тараптан теңтөрагасы – КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ал эми сауд тараптан – САПтын айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман Аль-Фадли.

Связанный пост