Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргызстан алдында турган социалдык жана экономикалык милдеттерди ийгиликтүү чечип, эл аралык позициясын ырааттуу бекемдеп келе жатат.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда динамикалуу өнүгүүдө. Москва менен Бишкек ар түрдүү багыттар боюнча жемиштүү кызматташып, ЖККУ, ЕврАзЭШ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүдө.

Биз, албетте, эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча тыгыз биргелешкен ишибизди улантабыз. Бишкекте өтө турган алдыдагы жолугушуубуз өз ара пайдалуу орус-кыргыз кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө, Евразия мейкиндигиндеги коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Связанный пост