Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева өлкө боюнча жаш балдар арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп жаткандыгына байланыштуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча республикадагы мектеп, бала бакчаларда балдардын катышуусу 90% дан жогору. Жыйында министрдин орун басары оорунун алдын алуу үчүн […]Читать далее
Бишкекте “Жаш мугалим депозити” сынагы башталды. Анда Бишкек шаарынын мектептериндеги 2022-жылы жогорку окуу жайларды жана адистештирилген педагогикалык окуу жайларын аяктаган 100 мугалими катышат. Сынак үч этапта өткөрүлөт: – 1-тур документтерди кабыл алуу 5-декабрынан 9-декабрына чейин; – 2 тур тестирлөө 19-20-декабрларда; – 3 тур аңгемелешүү 22- 23-декабрларда. Сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 28-декабрында жарыяланылат. Программа Бишкек шаардык кеңешинин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов АКШ элчилигинин орун басары Соната Коултер жана Мерсиконун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен Макговерн-Доулдун программасынын алкагында 2023-жылга карата иш программасын талкуулады. Жолугушууда Соната Култер АКШнын Айыл чарба департаментинин Макговерн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында 400дөн ашык башталгыч мектептер жана 100 китепканалар үчүн балдар китептерин тапшырды. Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее
9-10-декабрда Бишкектин бардык мектептери онлайн окуйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Бул Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын өткөрүү менен байланыштуу. Эске салсак, буга чейин иш-чарага байланыштуу жолдор жабылып, коомдук транспортко чектөөлөр киргизилээри айтылган.Читать далее
Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрдан 2023-жылдын 10-январына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык мектептерде сабактар 2023-жылдын 11-январынан башталат.Читать далее
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы №665 токтому чыкты. Токтомго ылайык, КРдин ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: – Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө […]Читать далее
Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунун жүрүшүндө уюмдун президентин шайлоо өттү. Мыйзамга ылайык, министрлер кабинети Канатбек Эрмекович Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды.Читать далее
Илим – бул улуттук ресурс, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал белгилегендей, Министрлер Кабинети билим, илим, инновация тармагына артыкчылыктуу багыт катары карап, аларды өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөй турган кыймылдаткыч күчкө айлантуу үстүндө иш алып барууда. «Албетте, илимге каражат аз бөлүнөт. […]Читать далее
Бүгүн, 25-ноябрда тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00 гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт. Ал эми жалпы республикалык тестирлөө (ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн) 26-27-ноябрда өтөт. Тестирлөө борборлору: 1. Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби; 2. Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы; 3. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи. Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же […]Читать далее
“Lingua” инновациялык билим берүү фонду 4-декабрда англис тили боюнча олимпиада өткөрөт. Олимпиадага 3-11-класстарга сабак берген мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин англис тили мугалимдери катыша алат. Олимпиада үч этапта өтөт. Уюшуруучулар тарабынан жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар каралган: 1-орун — ноутбук 2-орун — принтер 3-орун — принтер Олимпиада жана каттоо жөнүндө толук маалымат: https://forms.gle/iBDCjjDyVpYKbtaLAЧитать далее