Бишкекте “Жаш мугалим депозити” сынагы башталды

 Бишкекте “Жаш мугалим депозити” сынагы башталды

Бишкекте “Жаш мугалим депозити” сынагы башталды. Анда Бишкек шаарынын мектептериндеги 2022-жылы жогорку окуу жайларды жана адистештирилген педагогикалык окуу жайларын аяктаган 100 мугалими катышат.
Сынак үч этапта өткөрүлөт:
– 1-тур документтерди кабыл алуу 5-декабрынан 9-декабрына чейин;
– 2 тур тестирлөө 19-20-декабрларда;
– 3 тур аңгемелешүү 22- 23-декабрларда.
Сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 28-декабрында жарыяланылат.
Программа Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген жана үч жылга каралган.
Максаты – шаардын жалпы билим берүү уюмдарына жаш адистерди тартуу жана дайындоо, шаардын билим берүү уюмдарын кадрлар менен камсыздоо, жаш мугалимдерди материалдык жактан колдоо, жаш адистердин иштөөсү үчүн социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу болуп саналат.
Программа жаш мугалимдин атына депозиттик эсеп ачууну, жалпы билим берүү уюмунда үч жыл үзгүлтүксүз иштегенден кийин программада каралган бардык сумманы чегерүүнү жана төлөөнү камсыз кылат.
Мындай схема жаш мугалимге финансылык колдоо көрсөтүүнүн формаларынын бири болуп саналат, ал шаардын окуу жайларында жаш мугалимдерди камсыз кылууга жардам берет.
Акы төлөнбөгөн өргүү, окуу өргүүсү программанын узактыгына кирбейт жана төлөнбөйт. Бала багуу боюнча өргүүгө чыкканда депозит боюнча төлөмдөр мугалим жумушка келгенге чейин токтотулат жана мугалим жумушка кайтып келген учурдан тартып төлөмдөр улантылат.
Белгилей кетсек, каржылоо шаардык бюджеттен каралган.

Связанный пост