Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда №17 “Ай күн” жаңы бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки балдар мекемеси 280 балага, алты тайпалык топко ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1463 чарчы метрди, аймагынын аянты 4900 чарчы метрди түзөт. “Биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, кампа, бөлүштүрүүчү ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, кабыл алуу […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №76 орто мектепти ачуу салтанатына катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, республика боюнча авариялык абалда турган 245 мектептин экиси борбордо жайгашкан. «Быйыл мугалимдердин айлыгы эки эсеге, ал эми бийик тоолуу райондордогу мугалимдердин айлыгы үч эсеге көбөйтүлдү. Биз мындан ары да сиздердин ишиңиздерге ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Кечээ салтанаттуу түрдө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен Билим берүү мекемелеринин биримдигинин ассоциациясы менен биргеликте Бишкек шаарында социалдык педагогдор жана психологдор үчүн тренинг өткөрүлдү. Иш-чара мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, аярлуу балдар менен жаштарда жабыркоочу оорунун пайда болушунун себептерин жана кесепеттерин түшүнүүнү жакшыртуу жана өз убагында жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. […]Читать далее
Бишкек шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда №75 орто мектеп-лицейинин салтанаттуу ачылышы болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө аткарылган иштер үчүн куруучуларга, мэрияга, райондук администрацияга жана мектептин мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирди. “Биз өз тарабыбыздан бардык зарыл болгон шарттарды түздүк, ал эми сиздер балдарыбызга сапаттуу билим берүүгө милдеттүүсүздөр”, – деди ал. Ошондой эле […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өтүп жаткан БУУнун Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде видеоконференция байланышы аркылуу сөз сүйлөдү. Төмөндө министрлер кабинетинин башчысынын сөзүнүн текстин келтиребиз: «БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш мырзага жана ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле айымга Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитти уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сапаттуу билим […]Читать далее
Акылбек Жапаров: “Мугалимдин кадыр-баркын жогорулатуу – мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири”
Мугалимдин коомдогу кадыр-баркын жана статусун жогорулатуу мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги №40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттарынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. «Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Бишкек шаарында күзгө чейин 15 орто мектеп жана 1 бала бакча […]Читать далее
Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү келерки жылы 64 млрд сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. «Бүгүн 5 жылдан бери курулушу бүткөрүлбөй келген мектепти ачып жатабыз. Анын курулушуна 136 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган жана эл аралык […]Читать далее
Абдраева Айгүл Төлөковна И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине ректор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кол койду. Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 24-августунда мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кызмат ордуна ачык сынак жарыялаган. Сынактын жыйынтыгы менен Айгүл Абдраева […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары
Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Американын Калифорния штатындагы «Силикон өрөөнүнүн» динамикалуу өнүгүүсү негизинен аталган аймакта жайгашкан ондогон университеттер, лабораториялар, илимий-изилдөө институттары менен […]Читать далее
Билимди экспорттоо – бул эркиндикти сүйгөн адамдардын экспорту. Кыргыз Республикасы аймактагы билим берүү кластери боло алат, бул эркин ой жүгүртүүчү коомдун экосистемасында мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди. «Биздин республикада жергиликтүү жана чет элдик IT-адистердин иштөөсү үчүн мыкты […]Читать далее