Бишкекте №75 мектеп-лицейинин ачылышы болду

 Бишкекте №75 мектеп-лицейинин ачылышы болду

Бишкек шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда №75 орто мектеп-лицейинин салтанаттуу ачылышы болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө аткарылган иштер үчүн куруучуларга, мэрияга, райондук администрацияга жана мектептин мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирди.

“Биз өз тарабыбыздан бардык зарыл болгон шарттарды түздүк, ал эми сиздер балдарыбызга сапаттуу билим берүүгө милдеттүүсүздөр”, – деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров өлкөдө авариялык абалдагы 245 мектептин экөөсү Бишкекте экенин белгиледи. Анын бири ушул мектеп болгон. “Жайында окуучулар мектеп менен коштошуп, ал эми азыр мектептин жаңы инновациялык имаратынын ачылышында турабыз. Мен мектептин руху мурдагы бойдон калат деп ишенем”, – деди ал.

Белгилей кетсек, №75 лицейи 1960-жылы курулган жана авариялык абалда болгон. Ушуга байланыштуу мектепти сүздүрүп, кайра курууга туура келген.

Жаңы үч кабаттуу мектептин жалпы аянты 5 миң 607 чарчы метрди түзөт жана 550 окуучуга ылайыкталган.

Мектептин жаңы имаратында актовый, хореографиялык жана спорттук залдар, китепкана, ашкана жана концерттик зал каралган.

Курулуш иштерин подряддык уюм “Эталон ВинСпецСтрой” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Связанный пост